Казакстанда «Ыртыш» токою өрттөнүп жатат

  • 1 год мурун

Казакстандын Павлодар облусундагы «Ыртыш токоюндагы» (Ертис орманы) өрттү өчүрүүгө 200 киши, 50 техника жана төрт тик учак тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, кризистик борборлор жана ыкчам штаб түзүлдү.

15-июлдун кечинде Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти «Сугур айылында кооптуу жагдай түзүлгөнүн, бирок элди көчүрүү зарыл болбогонун» билдирген. Түндө ӨКМ «калктуу конуштарга коркунуч жок» деген маалымат таратты.

Бирок өрт өчүрүүчүлөр кошуна аймактардан жардам сурашкан. Астана, Караганды, Чыгыш-Казакстан облустары кошумча 150 киши жана 30 техника жөнөттү.

Катуу шамалдан улам учурда өрттү өчүрүү кыйынга турууда. Токой чарбасынын маалыматына караганда, өрт чалган аянт болжол менен 850 гектарды түзөт. 16-июль эртең мененки маалыматка ылайык, тик учактар 93 тонна суу чачышты.

Павлодар шаары тилсиз жоо катталган аймактан 150 чакырым алыста жайгашкан.

15-июлда Абай облусундагы «Семей токоюн» да өрт чалып, 350 гектар аянтка жайылды. ӨКМ Семей токоюндагы өрт 19:30дан өтүп чектөөгө алынганын кабарлады, бирок өчүрүү иштери уланууда.

Семейде буга чейин дага ири өрт катталып, аны өчүрүү учурунда 15 киши каза тапкан. 1-июлда Абай аймагындагы өрт боюнча кылмышка шектүү катары «Семей токою» коругунун жана Новошульбинск филиалынын жетекчилери кармалганы маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты