Казакстанда TVCOM оператору орус телеканалдарын көрсөтүүнү токтотту

  • 7 месяцев мурун

Казакстандын TVCOM спутник жана интернет телекөрсөтүү оператору январдын башынан бери айрым орусиялык телеканалдарды, анын ичинде «Биринчи каналдын» көрсөтүүлөрүн графигинен алып салганын билдирди.

Оператордун кабарлашынча, маалымат камтылган телеканалдардын саны кыскартылат. Ага ылайык, «Первый канал СНГ», «Поехали», «Время: далекое и близкое», «Дом кино», «Телекафе», «Дом кино Premium», «Музыка Первого», «Победа», «Карусель», «Бобер», «О!» телеканалдары жабылат.

Билдирүүдө айтылгандай, компания жетекчилигинин чечими менен жаңылыктарды баяндаган чет элдик каналдардын үлүшүн кыскартуу пландалып жатат. TVCOM анын абоненттери «медиа сабаттуулугунун жогорку деңгээлине жетишти жана жаңылыктарды биринчи кезекте социалдык тармактардан алышат» деп белгилейт.

TVCOM «Казтелерадио» улуттук операторунун өнөктөшү болуп саналат.

Былтыр ноябрда Казакстан орусиялык телеканалдарды көрүүгө мүмкүндүк берген Sputnik24 интернет-порталын жапкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты