Казакстанда кыргыз номуру тагылган жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылды

  • 6 месяцев мурун

Казакстандын Караганда – Балхаш трассасында кыргыз номуру тагылган эки жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-февралда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгынан бир адам каза болуп, дагы бирөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок маалыматта алардын жарандыгы такталган эмес.

«Казакстандын компетенттүү органдарынын нөөмөт кызматкерлеринин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгон жана оор абалда ооруканага жаткырылган бирөө бар. Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана зарыл болгон учурда жабыркаган Кыргызстандын жарандарына зарыл жардам көрсөтүү иштерин улантат«, — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты