Казакстанда энеси менен кызы мыкаачылык менен өлтүрүлдү

  • 3 дня мурун

Казакстандын Түркстан облусунун Келес районунун Керегетас айылында 45 жаштагы аял кызы менен кошо өлтүрүлгөн. Окуяны полиция иликтеп, «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козгоду.

Кылмыш 12-сентябрга караган түнү жасалган. Өлтүрүлгөн аялдын жакындарынын айтымында, аял жаш кезинде жесир калып, 15 жаштагы кызы менен жашаган. Алардын сөөгү төшөктөн табылган.

«Экөөнү тең уруп-согуп өлтүргөн. Зордук-зомбулук болгон. Жеңемди кирпич менен уруп, баш сөөгүн талкалап таштаган. Сиңдимдин денесинде тиштелбеген жер калган эмес, – деди маркумдардын тууганы Айнур Байболатова. – «Үй канга боёлгон.» Биздин айылдашыбыз – кошунабыз шектелүүдө. Мурда мектепте мугалим болуп иштечү».

Облустук ички иштер департаменти кылмышка шектүү кармалганын билдирди. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

Облустук билим берүү башкармалыгы кармалган жаран учурда билим берүү тармагында иштебей турганын билдирди.

Келес районунун Көлтоган айылындагы орто мектептин директору кылмышка шектүү мурда дене тарбия мугалими болуп иштегенин тастыктады. Ал билим берүү мекемесинде канча ай иштегени айтылган эмес.

Маркум кыз ушул эле мектепте 10-класста окуган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты