Казакстанда үч жаңы облус түзүлдү

  • 2 года мурун

4-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы үч облус түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Чыгыш Казакстанда Абай облусу түзүлдү. Борбору Семей шаары болот. Чыгыш Казакстан облусунан Аксуат, Абай, Аягөз, Бескарагай, Бородулиха, Жарма, Үржар, Көкпекте райондору жана Семей менен Курчатов калаалары бөлүнүп кетти.

Токаев Алматы облусунун курамынан Аксуу, Алакөл, Ескелди, Каратал, Кербулак, Көксуу, Панфилов, Саркан райондору жана Талдыкорган менен Текели райондорун чыгарып, жаңы Жетисуу облусун түзүүнү буюрду. Облустун борбору Талдыкорган шаары болот.

Алматы облусунун административдик борбору Талдыкорган шаарынан Кунаев шаарына көчүрүлөт. Токаевдин жарлыгы жарыяланганга чейин ал Капшагай деген атты алып жүргөн.

Жарлыкка ылайык, Караганды облусунан Жаңы Арка, Улутау райондору менен Жезказган, Каражал жана Сатпаев шаарлары чыгарылып, Улутау облусу түзүлдү. Жазказган жаңы дубандын борбору болот.

Жаңы облустарды түзүү жөнүндө жарлык 8-июндан тартып күчүнө кирет.

Токаев өлкөдө үч жаңы облус түзүү сунушун 16-мартта, январь окуяларынан кийин калкка жолдогон алгачкы кайрылуусунда билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты