Казакстанда атомдук электр станция куруу боюнча референдум өттү

  • 2 недели мурун

Казакстанда атомдук электр станцияны куруу боюнча референдумда алдын ала маалыматтар боюнча 72,3 пайыз катышуучулар колдоду, 27,7 пайыз каршы болду.   

Бул тууралуу “Аманат” саясий партиясынын коомдук саясат институту билдирди. Аталган саясий партия экзитпол жүргүзүп, ага 300 шайлоо участогунан 44 миңден ашуун адам катышкан.

Өлкөнүн БШКсынын маалыматы боюнча, референдумга 7,8 млн киши катышты. Референдумдун болжолдуу расмиий жыйынтыгы бүгүн айтылат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев референдумду 6-октябрга белгилеген буйрукка кол койгон.

Референдумга «Казакстанда атомдук электр станция курулуш керек дегенге кошуласызбы?» деген суроо коюлду.

Казакстандыктар арасында АЭС куруу жаатында талаш бар. Буга чейин өткөн коомдук талкууларда макул жана каршылар бирдиктүү пикирге келе алган эмес.

АЭС кайсы аймакта курулары тууралуу расмий маалымат чыга элек. Бирок болжолдуу жер катары Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкен айылы аталып келет.

АЭСти куруу долбооруна кайсы мамлекеттер аралашары да белгисиз. Казак бийлиги бул чечим референдумдан кийин кабыл алынарын айтууда.

Сүрөт: Казакстан БШК имараты. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты