Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Кыргызстанга иш сапары менен келди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-январда Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Маулен Ашимбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды арттыруу маселелерин талкуулайт. Муну менен катар парламент депутаттарынын катышуусунда кеңейтилген курамдагы жолугушуулар өтөт.

Ошондой эле сенат төрагасы президент Садыр Жапаров менен жолугуп, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган форумга катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты