Казакстан Орусия менен түзүлгөн теңгенин жана рублдин өз ара конвертациясы тууралуу келишимден чыгат

  • 2 года мурун

Казакстан теңге менен орус рублинин алмашуу курсунун өз ара конвертацияланышын жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди денонсация кылууга ниеттенүүдө. Тиешелүү токтом долбоору нормативдик-укуктук актылар порталына жарыяланды.

Долбоор 20-январга чейин коомдук талкууда болот. Негиздеме-маалымкатта «келишимдин предмети болгон бардык маселелерди толук жөнгө салган» мыйзамдар буга чейин кабыл алынып, макулдашуу өз актуалдуулугун жоготкону жазылган.

Документтин авторлору белгилегендей, макулдашууда каралган чаралардын көбү буга чейин ишке ашырылган. Калган узак мөөнөттө аткарыла турган чаралар «Бажы биримдиги», «Бирдиктүү экономикалык мейкиндик» жана «Евразия экономикалык биримдиги» сыяктуу ортодогу эл аралык келишимдерге, ошондой эле эки өлкөнүн башка мыйзамдарына киргизилген.

Bizmedia.kz басылмасынын маалыматына караганда, 1990-жылдардын башында кол коюлган макулдашуунун негизги максаты – эки өлкөнүн валюталарынын ортосундагы алмашуу курсун акырындык менен турукташтыруу, ошондой эле алардын башка валюталар менен эркин конвертацияланышына мүмкүндүк түзүү болгон. Макулдашууда ошондой эле Орусиянын Борбордук банкы менен Казакстандын Улуттук банкы жүргүзгөн курс саясатын ишке ашырууда рублдин жана теңгенин долларга карата кросс-курсун колдонуу каралган.

Ал ортодо айрым скептиктер макулдашууну денонсациялоо боюнча кооптонууларын айтып, Казакстан сырттан алган товарлардын дээрлик жарымы Орусиядан келерин билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты