Казакстан КМШнын келишиминен чыкканы боюнча маалыматты текшеребиз

Казакстан КМШнын келишиминен чыкканы боюнча маалыматты текшеребиз

Жарандык активист Умай Арыкова Фейсбуктагы баракчасына Казакстан КМШнын келишиминен чыкканы боюнча маалымат менен бөлүштү. Бул тууралуу ABC.AZ сайтында жарыяланган. Маалыматта Казакстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 1995-жылы түзүлгөн Мамлекеттер аралык валюта комитети жөнүндө келишиминен чыкканы жазылат. Анда тийиштүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев кол койгону айтылат.

Казакстан КМШнын келишиминен чыкканы боюнча маалыматты текшеребиз

КМШ качан түзүлгөн, курамында кимдер бар?

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги 1991-жылы 8-декабрда Минск шаарына жакын жердеги Беловеж токоюнда СССРдин курамындагы Орусия, Украина, Беларусь президенттери кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартында СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген. Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында жогорку 3 мамлекет менен дагы 9 мамлекет Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биригишип, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түзүлгөндүгү жөнүндөгү келишимге кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. 

1995-жылы 26-майда Мамлекеттер аралык валюта комитети түзүлгөн. Казакстан 1998-жылдын 6-ноябрында Беларусь, Армения, Азербайжан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан, Кыргызстан жана Молдова менен бирге келишим түзгөн.

Бул комитеттин максаты валюталык төлөм жана кредиттик мамилелер чөйрөсүндө көп тараптуу кызматташууга көмөктөшүү, валюталык мыйзамдарды конвергенциялоо жана өркүндөтүү жана катышуучу мамлекеттердин ортосунда акча-кредиттик жана валюталык саясатты өнүктүрүү болуп саналат.

“ПолитКлиника” медиасы Казакстан КМШнын Мамлекеттер аралык валюта комитетинин курамынан чыкты деген маалыматты текшерип көрдү.

Казакстан КМШнын келишиминен чыкканы боюнча маалыматты текшеребиз

Казакстандын сайтарында КМШнын Мамлекеттер аралык валюта комитетинен чыкканы тууралуу маалыматтар чыккан. 

Анда 30-июнда Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев 2013-жылы КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши тарабынан жоюлган Мамлекеттер аралык валюта комитетинен чыгуу тууралуу жарлыкка кол койгону жазылган. Бул чечим 8-июлдан тарта күчүнө кирген.

КМШ өлкөлөрүнүн 2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кабыл алынган чечими менен Мамлекеттер аралык валюта комитети жоюлган. Ошондо Казакстан комитет жоюлгандан 9 жылдан кийин чыгып кеткен.

Жыйынтык: Жарандык активист Умай Арыкова Фейсбук баракчасына Казакстан КМШнын келишиминен чыкканы боюнча маалымат чындык. Казакстан 2013-жылы жоюлган Мамлекеттер аралык валюталар комитетинен чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты