Казакстан бийлиги соцтармактардын ээлери менен мыйзамсыз контентти өчүрүү боюнча макулдашты

  • 2 года мурун

Казакстан бийлиги Telegram менен TikTok ресурстары жана башка популярдуу эл аралык ресурстар менен мыйзамсыз контентти өчүрүү  боюнча макулдашты. Бул тууралуу Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өндүрүш министрлигинин концепциясына таянуу менен КазТАГ агенттиги билдирди.

“Бүгүнкү күнгө карата «ВКонтакте», «Одноклассники», Mail.ru, Livejournal, Facebook, Instagram, Tiktok, Linkendin социалдык түйүндөрү жана Telegram мессенжеринин ээлери менен Казакстандын мыйзамдарына жана эл аралык укук талаптарына каршы келген контентти өчүрүү маселеси боюнча конструктивдүү түрдө өз ара аракеттенүү иши жолго коюлду. Facebook менен Instagram компанияларынын аймактык өкүлчүлүктөрү менен да байланыш түзүлдү”, — деп айтылган концепцияда.

Документте аталган компаниялар мыйзамсыз контенттерди өчүрүү боюнча кызматташууну түшүнүү менен кабыл алышканы, бирок мындай чара көпкө таасир бербей турганын, себеби буга окшош материалдар кайра-кайра жарала берерин белгилешкени жазылган.

Мониторинг учурунда чет өлкөлүк интернет-ресурстан мыйзам бузуулар аныкталса, аны Казакстан аймагында чектөө боюнча тапшырма бериле баштайт.

Министрлик буга чейин терроризм, экстремизм, мыкаачылык, кыйноо, порнография, суицид, маңзатты үгүттөөгөн материалдар жарыяланган учурда соцтармактардын администрацияларына эскертүү берилип келгенин белгилейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты