Казакстан 8-июндан тарта чек арадан өтүүдө ПЦР-тестти талап кылуу эрежесин жокко чыгарды

  • 2 года мурун

Казакстан 8-июндан тарта чек арадан өтүүдө ПЦР-тестти талап кылуу эрежесин жокко чыгарды. Бул тууралуу республикалык штаб Телеграм-каналына жарыялады.

8-июндан тарта Казакстандын жарандары жана чет элдиктер үчүн эмдөө жана ПЦР-тесттин болушун ырастоо талаптары жокко чыгарылды. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин расмий сайтында маалымдалат.

Премьер-министрдин орун басары Ералы Тугжановдун төрагалыгы алдында Казакстан Республикасында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын жыйыны өттү.

Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусун эске алуу менен Ведомстволор аралык комиссиясы:

  1. үстүбүздөгү жылдын 8-июнунан тартып Казакстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн COVID-19га каршы эмдөө же ревакцинациялоонун документалдык далилин (паспорт/күбөлүк/ COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө күбөлүк), ал эми алар жок болгон учурда Казакстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө COVID-19га ПЦР-тесттин терс натыйжасы бар жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү талабын
  2. республиканын 7 облусунда Казакстандын Мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда 12 убактылуу жабылган унаа өткөрүү пункттарынын иштөөсүнө тыюу салууну жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты