Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия УКМКнын тергөө абагына барды

  • 2 года мурун

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынын ичиндеги тасмаларды көрүп чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу комиссиянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун маалыматына таянып жазды.

Байсалов бул иш боюнча дагы эки жумадай иш жүрөрүн, каза болгондордун комиссияга кирген жакындары да байкоочу тасмаларды көрүшкөнүн билдирген:

“Биз эки өлүм боюнча маркумдардын жанында акыркы чогуу болгондор менен сүйлөштүк жана тасмаларды көрдүк. Азырынча комиссиянын толук жыйынтыгы чыга элек. Медициналык экспертизанын да жыйынтыгын күтөбүз. Бизден тышкары бул иш боюнча тергөө өз алдынча жүрүп жатат. Азырынча биз көргөн тасмада Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганы көрүнүп турат. Бирок мен комиссиянын жыйынтыгына чейинки эле көргөнүмдү айттым”.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы кабарланган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.

Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан. Президент Садыр Жапаров Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты