“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 2 года мурун

“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти бычак менен коркутушуп, сабашып, андан соң кылмыш болгон жерден изин жашырып кетип калышкан. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран өзүнүн шериги 37 жаштагы Б.С. менен Ош шаарынын аймагынан кармалышты. Алар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #74784
“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #74785
“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #74784 (preview)“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #74785 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты