Катардан келген дарыгерлер угуусу начар балдарга акысыз операция жасашат  

  • 1 месяц мурун

2024-жылдын 24-октябрында Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда  Катардан келген отохирург-дарыгерлер тобу тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясы башталат. Иш-чаранын алкагында угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча акысыз  операция жасалат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бейтаптарды тандоо этабы башталды жана ал 20-сентябрга чейин созулат. Операцияга эки тараптуу дүлөйлүгү, 4- даражадагы эки тараптуу сенсоневралдык угуусу начар жана постлингвалдык дүлөйлүгү бар беш жашка чейинки балдар кабыл алынат. Операция алдында балдар комплекстүү текшерүүдө, медициналык комиссиядан өтүшү керек.

Бул операциялар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги менен Катар өкмөтүнүн ортосунда, министрлиги тарабынан кол коюлган меморандумдун аркасында ишке ашырылууда. Катар тарап кохлеардык импланттарды сатып алууга, хирургиялык операцияга, ошондой эле кыргызстандык хирургдарды жана көмөкчү медициналык кызматкерди окутууга кеткен  чыгымдарды көтөрөт.

2020-жылдан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ушундай 160тан ашык операция жасалган. Бейтаптар аталган борборго дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 12:00дөн 16:00гө чейин ЛОР-дарыгердин кабинетине (8-корп., 1-кабат) кайрылса болот. Мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгын ала келүүсү шарт.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты