Катарда круиздик лайнерде калган кыргызстандыктар мекенге кайтарылууда

  • 1 месяц мурун

Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Дохадан Сауд Араб королдугунун борбору Эр-Рияд шаарына жолго чыгышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Фейсбук баракчасына жазды. 

Маалыматка ылайык, жалпысынан 134 жаран автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилет. Андан ары алар учак аркылуу 8-март күнү кечинде Кыргызстанга келери күтүлүүдө.

Жарандарды уюштуруп чыгуу жана чек аралардан өткөрүү маселелерин Кыргызстандын аталган өлкөлөрдөгү элчиликтери жана Тышкы иштер министрлиги координациялоодо.

Белгилей кетсек, Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалга байланыштуу Президент Садыр Жапаров чет өлкөлөрдө калган кыргызстандыктарды мекенине алып келүү боюнча тапшырма берип, бул ишти жеке көзөмөлүнө алган.

Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан атайын уюштурулган эки рейс менен 260 кыргызстандык мекенине кайтарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты