Касымбек Мамбетов: Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамсыз иштеген жеке медмекемелерди жаба албайт

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги элге лицензиясыз кызмат көрсөткөн мыйзамсыз медициналык мекемелерди жабуу укугуна ээ эмес. Бул тууралуу саламаттык сактоо ардегерлери ассоциациясынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Мамбетовдун маалыматына ылайык, бул чара мыйзамда каралган эмес жана медициналык чектөө коюу гана бар. Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн мыйзамга белгилүү бир түзөтүүлөрдү киргизип, бардык жеке медициналык мекемелердин бирдиктүү маалымат базасын түзүп, аны көз карандысыз эл аралык уюм көзөмөлдөй тургандай кылыш керек.

Эскерте кетсек, ушул жылдын  11-апрелинде  мыйзамсыз иш алып барган клиникаларды аныктоо боюнча министирликтин буйругу чыгып, лицензиясы жок иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты