Касымалиева БУУнун жыйынында Кыргызстан ооган элине жардам колун сунууга даяр экенин билдирди

  • 1 год мурун

21-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде Ооганстан боюнча жыйын өттү. Ага Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Аида Касымалиева өз сөзүндө Кыргызстан Ооганстандын тынч жана стабилдүү болушуна кызыкдар экенин, жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ооган элине жардам колун сунууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал Ооганстандын экономикасын аймактык процесстерге интеграциялоонун, анын ичинде Ооганстан аркылуу Түштүк Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоо боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйынга ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева катышып, Кеңештин мүчөлөрүнө ал өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты