Касымалиев: Кыргызстан 10 миң электромобилди алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

  • 2 года мурун

2023-жылы Кыргызстан 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев журналисттер менен жолукканда билдирди.

“Электромобилдерди ташып келүүгө карата тарифтик жеңилдик белгиленди. Натыйжада Кыргызстан 2022-жылы 5 миң, 2023-жылы 10 миң даана электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду”, — деп билдирди Касымалиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты