Касым-Жомарт Токаевдин Орусияны колдобогон сөзүнөн кийин, Казакстандын Европага мунайзат ташуусу чектелдиби? (Текшеребиз)
- 2 года мурун
- Фактчекинг
20-июнь күнү Мирбек Маматкасым аттуу Фейсбук колдонуучусу Казакстан менен Орусиянын ортосундагы акыркы кырдаал боюнча жазып чыккан.
“Казакстан менен Орусиянын ортосунда экономикалык согуш, оой, спецоперация башталды.
Токаевдин Санкт-Петербургда сүйлөп салган сөзүнө чычалап, орус бийлиги Казакстандын нефтин Орусия аркылуу Европага экспорттолушуна бөгөт койду. Ага жооп катары, Орусиянын көмүрү жүктөлгөн 1700 вагонду (Кытайга бараткан көмүрдү) казак бийлиги өз аймагында токтотуп койду”, — деп билдирген.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Россия жана Казакстандын мамилеси
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 17-июнда Санкт-Петербург шаарында өткөн Эл аралык экономикалык форумга катышкан. Аталган форумга Россиянын президенти Владимир Путин да келген.
Мүчөсү болгон Евразия Экономикалык Биримдигинин Азия жана Жакынкы Чыгыш базарында кеңейүүсү керектигин белгилеген Токаев :
«Чынын айта турган болсок пайдасы болбогон каршы санкциялардын ордуна Азия жана Жакынкы Чыгыш базарларын кенен түрдө камтыган активдүү жана ийкемдүү бир соода саясаты жүргүзүлүшү керек. Бул жерде Казакстан буфер базар катары роль ойной алат», — деди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Донецк жана Луганскка карата мамилесине баа берген.
«Бир улуттун өз тагдырын өзү белгилөө укугу бүткүл дүйнөдө эффективдүү ишке ашырыла турган болсо анда азыркы учурда БУУга мүчө 193 мамлекеттин ордуна 600дөн ашуун өлкө пайда болушу керек эле. Албетте бул бир хаос. Ушул себептен Тайванды да Косованы да Түштүк Осетияны, Абхазияныда тааныбайбыз жана бул Донецк менен Луганск үчүн да тиешелүү», — деди.
Бул боюнча Владимир Путин эч кандай комментарий берген эмес. Бирок Касым- Жомарт Токаевден кийин сөз сүйлөп жатып, Токаевдин атын туура эмес айткан. Владимир Путин буга чейин да Касым-Жомарт Токаевди “Касам Жемелов” жана “Кемель Жомартович” деп атаган эле.
Бул окуядан кийин, Орусиянын КМШ иштери боюнча комитеттин башчысы Константин Затулин Казакстанды жооп чаралары менен коркуткан.
“Биз бардык жердебиз. Анын ичинде Украинага карата да айтабыз: эгерде бизге карата достук, кызматташтык жана өнөктөштүк мамиле болсо, анда эч кандай аймактык маселе көтөрүлбөйт. А эгер андай болбосо, анда баары мүмкүн. Украинанын мисалындагыдай”, — деп айткан.
Мындан сырткары Казакстан буга чейин да ЛЭР менен ДЭРди тааныбай турганын айткандыктан, унчукпай койсо болмок деп сөзүн жыйынтыктаган.
Чектөөлөр жана тирешүү
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда бир катар катаал билдирүүлөрүнөн кийин, Орусия казак мунайынын экспортуна чектөөлөрдү киргизген. Бул боюнча Орусиялык “Коммерсантъ” басылмасы жазып чыккан.
Маалыматка ылайык, Новороссийскидеги Каспий консорциуму аркылуу Европага мунай экспорттогон Казакстандын иши бир канча убакытка токтотулган. Анын себеби аталган аймакта экинчи дүйнөлүк согуштан калган миналар табылып, порт тазалоо жана зыянсыздандыруу иштерине байланыштуу жабылган. Суу аймагын миналардан тазалоо иштери 20-июнга белгиленип, айдын аягына чейин созулушу мүмкүн экени айтылган. Ушундан улам Казакстандан Россия аркылуу мунайзат экспортто үзгүлтүккө учураган.
Белгилей кетсек, Казакстан жылына Орусия аркылуу Европага 67 миллион тонна мунай ташыйт.
Ал эми Казакстан Орусиянын 1700 көмүр ташыган вагонун чектегени тууралуу маалымат жергиликтүү сайттарга чыккан. Бирок официалдуу түрдө бул маалымат далилденген эмес.
Эксперттердин божомолдору
Орусия 24-февраль күнү Украинага басып киргенден кийин, бир топ эксперттер бул Орто Азия мамлекеттери үчүн да коркунучтуу болушу мүмкүн экенин айтышкан.
АКШдагы Принстон университетинин коопсуздук боюнча изилдөөчүсү Сажид Фарид Шапу National Interest гезитине берген маегинде Орусия СССРдин урашы менен жоголгон “улуу держава статусун” калыбына келтирүүнү көздөй турганын айткан.
Ал эми Колумбия университетинин изилдөөчүлөрүнүн айтымында Казакстан Орусияга каршы чечимдерди кабыл ала турган болсо, Украинанын мисалы кайталануу коркунучу бар. Эгерде Орусия Казакстанга басып кирүүнү кааласа, бул процесс тездик менен болот. Анткени Казакстандын куралдуу күчтөрү олуттуу каршылык көрсөтө албайт. Мындан сырткары, НАТО да Украинадан айырмаланып Казакстанга көп колдоо көрсөтпөшү мүмкүн экени айтылат.
Бирок окумуштуулар Украина менен Казакстандын ортосунда көп айырмачылыктар бар болгондуктан, басып алуу мүмкүн эмес экенин да айтышкан.
Жыйынтык: Азыркы учурда Орусия менен Казакстандын мамилеси чыңалганы чындык. Бирок, Казакстандын Орусиянын көмүр ташыган вагонун чектегени тууралуу маалымат расмий далилдене элек.