Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

  • 2 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. 

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.

Токаев 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Бишкектеги жыйын видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты