Каржы пирамидасын уюштурууга шектелгендер кармалды

  • 5 месяцев мурун

Алдамчылык жана каржы пирамидасын уюштуруу боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге О.А. аттуу жаран “Chargefast” (тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырышкан.

Аталган факт Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренене ылайык (Финансы пирамидаларын уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Н.Н. жана 1995-жылы туулган А.С. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 50дөн ашуун жаран арызы менен кайрылган.

Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты