“Каркыра-автожол” өткөрүү пункту күнү-түнү иштей баштайт
- 2 дня мурун
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен 2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо каралган.
Протоколдун максаты кыргыз-казак чек арасынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүү болуп саналат.
Протоколдо “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин сутканын күндүзгү убактысынан күнү-түнү иштөөгө өзгөртүү каралган.