Караколдо мектеп окуучулары арасында кышкы оюндар боюнча жарыш өтүп жатат

  • 2 года мурун

Кечээ, 26-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучулары арасында “Мен чемпион” аталышындагы кышкы оюндар беттеши старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери, атайын келген күйөрмандар катышты.

Кышкы оюндардын биринчи күнүндө лыжа жарышы жана хоккей боюнча беттештер болуп өттү. Лыжа жарышы боюнча жалпы Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген 60тан ашуун жаш спортчу катышты.

Ал эми хоккей боюнча беш курама команда беттешүүдө.

Бүгүн, 27-декабрда тоо лыжасы, слалом дициплинасында жарыш жана хоккей боюнча финалдык беттештер болот.

Оюндар 28-декабрда аяктайт. Беттештин байге фонду 1 млн 50 миң сом.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты