Караколдо көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн жайылып кетүүсү токтотулду

  • 2 недели мурун

Караколдо көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн жайылып кетүүсү токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-апрель кунү саат 10:30да Каракол шаарынын Карасаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккан.

Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруучулардын ыкчам иш аракети менен коңшу батирлерге өрттүн жайылуусу токтотулду.

Тилсиз жоо саат 11:00дө өрт чектөөгө алынып, өрт толугу менен саат 11:45те өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты