Караколдо көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

  • 2 недели мурун

Караколдо көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алдын ала маалымат боюнча саат 10:30да Карасаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, учурда өрт чектөөгө алынды.

Жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты