Караколдо дайынсыз жоголгон эки наристе кыздын сөөгү каналдан табылды
- 1 год мурун
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дайынсыз жоголгон эки наристе кыздын сөөгү Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
ӨКМ билдиргендей, 5 жана 2 жаштагы эки наристе кыз 6-июлда саат 15:00дөр чамасында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткен. Аларды издөө үчүн 5 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылган.
Муну бөлүшүү