Караколдо 9 жашар кыз эки киши тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 9 жашар секелек кыз эки эркек киши тарабынан зордуктоого кабылган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

13-ноябрда Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көлдүн Каракол шаарына болгон иш сапарынын алкагында зордуктоого кабылган 9 жашар кыздан кабар алуу үчүн анын ата-энесине жолуккан. Кыздын апасы эки эркек киши кызын 2021-жылдын декабрь айынан тарта зордуктап келишкенин айтып, Акыйкатчыдан кызынын укуктарын коргоп берүүсүн суранган.

Апасынын айтымында, кыз коркконунан апасына мындай жийиркеничтүү окуяны айткан эмес. “Кызыма бычак такап, күч менен эски үйгө сүйрөп барып, зордуктап келишкен. Бирөө-жарымга айтса өлтүрүп коёбуз деп коркутушкан. Ушундай зөөкүрлөр ар-кандай шылтоо издеп, жазадан качууга аракеттенип жатышат”, -деп ыйлап айтып берген кыздын апасы.

«Азыркы учурда кыз коопсуз жерде, ата-энесинин камкордугунда. Ага зарыл болгон адистер жардамдарын көрсөтүүдө. Бирок кызга узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат. Кызды зордуктоого шектүү эки эркек киши кармалган», — деп айтылат Акыйкатчы институту берген маалыматта.

Акыйкатчы өзгөчө тынчсыздануу менен тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырган.

Сүрөт: иллюстарциялык сүрөт, интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты