Караколдо 656 миң сом пара талап кылган жаран кармалды
- 12 месяцев мурун
УКМКнын жүргүзгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда «Каракол – Кызыл-Суу» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүнө уруксат берүү шылтоосу менен 656 миң сом пара талап кылган Д.Н.М. аттуу жаран кармалып, №23 тергөө абагына киргизилди.
Аталган жаран өзүнүн аракетин мыйзамдаштыруу максатында «Н.Т.» ЖЧКсы аркылуу транспорттук жана ортомчулук кызматтарды көрсөтүү боюнча жасалма келишимдерди түзүп, ишкерлик субъектилерди пайдаланганы аныкталды.
УКМК жарандарды пара талап кылгандарга алданбоого жана мыйзам бузгандарды укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.
Муну бөлүшүү




