Караколдо 13 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

  • 9 месяцев мурун

Караколдо 13 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 12:30дар чамасында Каракол ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 13 жаштагы баласы эртең менен мектепке кетип, сабактан кийин үйүнө келбей калганын билдирген. Кийинчерээк жергиликтүү тургундардан шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан баланын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Каза болгон жаран издөөдө жүргөн мектеп окуучусу болгон.

Бул факт каттоого алынып, соттук-медициналык текшерүү дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты