Каракол – Эңилчек жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
- 9 ай мурун
Бүгүн, 24-февралда саат 07:30да Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, кырсыктан улам жол убактылуу жабылып, учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Жеринде №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштөөдө.
Муну бөлүшүү