Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

  • 5 месяцев мурун

Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февралга караган түнү Каракол — Эңилчек унаа жолунун 46-километринде кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо максатында унаа жол 18-февралга чейин убактылуу жабылды.

Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

Ал эми ӨКМдин кызматкерлери жана атайы техникасы күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө даяр турушат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты