Каракол – Эңилчек автоунаа жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн

  • 5 месяцев мурун

Каракол – Эңилчек автоунаа жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 21-февралда саат 15:00 чамасында Каракол – Эңилчек автоунаа жолуна кар көчкүсү түштү. 3 ирет түшкөн көчкүнүн көлөмү 23 000 метр кубду түздү.

Райондук жол тейлөө ишканасынын жолду бир тараптуу ачышты, учурда жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Ошентсе да аталган жолдо жүрүүнү убактылуу токтото туруңуз.

Себеби кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору болгондуктан, адам өмүрүнө кооптуулук жаралганына байланыштуу Ак-Суу райондук РМАнын №39 тескемесинин негизинде аталган жол 25-февралга чейин жабылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты