Кара-Сууда уурулукка шектелген жаран Бишкектен кармалды

  • 2 года мурун

Кара-Сууда уурулукка шектелген жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

7-октябрда Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук фактысы менен издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун тургуну 1998-жылы туулган Д.К. атуу жаран Бишкек шаарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Кара-Суу РИИБге арыз менен Кара-Суу районунун тургуну 60 жаштагы М.К. атуу жаран кайрылган. Анда 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын,күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучуга 52 миң сомдук зыян келтирген. Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү 24 жаштагы Д.К. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүү мындан башка кылмышка тиешеси бар же жок экендиги такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты