Кара-Сууда турак үйдөн автоунаа уурдаганга шектелген жаран кармалды
- 2 года мурун
Кара-Сууда жарандын турак үйүнөн автоунааны уурдап чыгып, бир нече кылмыш жасаганга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 17-февралда Савай айылынын Р.А. аттуу тургундун үйүнө белгисиз адам кирип, бөлмөдө турган 100 миң өзбек сумун жашыруун түрдө уурдап, үйдүн короосунда турган “Хундай Аванте” үлгүсүндөгү автоунаасын укук ченемсиз ээлеп алып, айдап качып кеткендиги тууралуу маалымат катталган.
Бул факты боюнча чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды ыкчам-издөө иштери башталган.
24-февралда кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1993-жылы туулган А.С. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. Ал уурдалган автоунаага Орусиянын мамлекеттик белгисин тагып алып жүргөндүгү маалым болгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жаран дагы башка 9 адамдын батирине кирип, ар кандай буюмдарды уурдап кеткендиги аныкталды. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда шектүүнүн башка кылмышка тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.




