Кара-Сууда сүт азыгын өндүрүүчү ишканадан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 1 год мурун

Кара-Сууда сүт азыгын өндүрүүчү ишканадан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык кучагына алган болжолдуу аянт 500 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Маалыматка ылайык, 23-июнда Оштун Кара-Суу шаарынын Космодемьянская көчөсүндө жайгашкан сүт азыктарын жана жүгөрүнү кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыккан.

Тилсиз жоонун мизин майтарууга жалпысынан 3 бөлүм тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты