Кара-Сууда милиция кызматкери алдамчылык боюнча кармалды

  • 10 месяцев мурун

Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

2024-жылдын ноябрь айында милициянын капитаны Д.Т.Х. алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берүүнү убадалап У.Т.М. аттуу жарандан прокурор менен тергөөчүгө берүүнү шылтоолоп 220 миң сом, 5 миң рубль жана 5500 АКШ долларын алган.

Быйыл 20-август күнү Мады айылдык милиция бөлүмүнүн өздүк курамынын эртең мененки саптык тизилүүсүнүн жүрүшүндө милициянын капитаны Д.Т.Х. УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан анын катышуусунда тергөө амалдарын өткөрүү үчүн кармалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты