Кара-Сууда коррупция боюнча кылмыш иштин алкагында мурдагы жана азыркы аткаминерлер кармалды

  • 8 месяцев мурун

Кара-Сууда коррупция боюнча кылмыш иштин алкагында мурдагы жана азыркы аткаминерлер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-август күнү Кара-Суу районун Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылынын тургуну 47 жаштагы А.А. тургун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда 17-июль күнү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкерлери жана Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, кызмат абалынан пайдаланышып, Кара-Суу районун Савай айыл аймагынын Кескен-Жар айылынын түндүк чыгышындагы мамлекеттин фондундагы 3,78 га жер аянтын жана Курбан-Кара айылындагы 8 га жер аянтын жасалма келишимдин негизинде мыйзамсыз башка бирөөгө сатып жиберишкендигин билдирген.

Аталган факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп 2 кылмыш иши козголгон. 1-Кескен-Жар айылынын түндүк чыгышындагы мамлекеттин фондундагы 3,78 га жер аянтын боюнча 2023-жылдын 17-август күнү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 336-берененин 1-бөлүмү (Коррупция)менен кылмыш иши козголуп, 7 439 494 сом зыян келтирилген. 2- Курбан-Кара айылындагы 8 га жер аянты боюнча 21-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), кылмыш иши козголуп, 7 9400 40 сом зыян келтирилген. Мамлекетке жалпысынан 15 379 534 (он беш миллион үч жүз жетимиш тогуз миң беш жүз отуз төрт) сомго жакын зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдын 9-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкери 1969-жылы туулган Э.Б., Кара-Суу районун Савай айыл өкмөтүнүн жер адиси 1986-жылы туулган Д.М. Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы 1989-жылы туулган А.А. жана Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 1982-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, камакка алынган.

Учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан бул багыт боюнча облус аймагында анализ, мониторинг жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты