Кара-Сууда каналга 23 жаштагы жаран чөгүп кетти

  • 2 года мурун

Кара-Сууда каналга 23 жаштагы жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Курбан-Кара айылындагы Савай каналына 23 жаштагы жаран чөгүп кеткендиги тууралуу кабарланган. Маалымат боюнча, ал 1999-жылы туулган М.С. аттуу (эркек киши) жаран болгон. Жерине Кара-Суу райондук 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иши караңгы киргендигине байланыштуу токтотулуп, 17-июнь күнү улантылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты