Кара-Сууда кайненесин өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
- 3 недели мурун
Ош облусунун Кара-Суу районунда 34 жаштагы жергиликтүү тургун К.А. кайын энесин өлтүрүп, аялын жарадар кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 20-июнда Мады айыл аймагында болгон. Шектүү үйүндө учтуу нерсе менен кол салып, жыйынтыгында аялы ооруканага жеткирилген, кайын энеси окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. К.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Муну бөлүшүү