Кара-Сууда күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүүлөр кармалды
- 1 год мурун
2025-жылдын апрель айында Кара-Суу райондук милициясына белгисиз эки жаран — «Д» жана «Б» инициалдуу адамдар күчтүү таасир этүүчү баңги заттарды мыйзамсыз алып жүрүшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада эки түрдүү, жалпысынан 478 даана күчтүү таасир этүүчү дары каражаттары табылып, далил зат катары алынган.
Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Э.Э., 1987-жылы туулган М.Р., 1993-жылы туулган А.Ж., 1996-жылы туулган К.М., жана 1999-жылы туулган Ч.уулу А., аттуу тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга кирзилди.
Учурда алынган заттарга экспертиза дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери уланууда.




