Кара-Сууда ири суммадагы алдамчылыкка шектүү кармалды

  • 6 месяцев мурун

Кара-Сууда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ири суммадагы акча алдамчылыгына шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнө Шарк айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган Н.И. арыз менен кайрылган. Анда өзүн «Султан» деп тааныштырган адам «Корея өлкөсүнөн алып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп беремин» деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, изин жашырып кеткенин айтып, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Окуя 2023-жылдын 24-декабрында болгон.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган, УКТ мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1990-жылкы И.И. кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты