Кара-Сууда базар башчысы кармалды

  • 6 месяцев мурун

Кара-Суудагы «Туратали» базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жеке ишкер Ж.К. кызмат абалынан пайдаланып, контейнерди бузуп салам деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылган. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан. 24-январда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз талап кылынган 5000 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын которгондон кийин жеке ишкер Ж.К. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын жашаган жеринен тинтүү учурунда 135 600 доллар, 1 113 800 сом акча каражаты, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган «Рейндж Ровер» автоунаасы табылып алынды», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты