Кара-Сууда айылдашын темир менен башка чапкан жаран кармалды
- 9 месяцев мурун
Кара-Сууда айылдашын темир менен башка чапкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Төлөйкөн айыл аймагынын 1995-жылы туулган Т.А. аттуу тургунун ушул эле айылдын тургуну темир менен башына уруп, жараат келтиргендиги тууралуу маалымат катталган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, окуяга тиешеси бар атуулдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшкөн. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам аракеттери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган К. уулу К. жаран кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо боюнча ыкчам тергөө аракеттери уланууда.