Кара-Суу шаарында унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыкты
- 2 года мурун
Кара-Суу шаарында унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Нуракунов көчөсүндө жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 09:02де Кара-Суу райондук №25 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 09:18де 1 бөлүм, саат 09:45те Кара-Суу райондук №102 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат берилерин кабарлады.
Муну бөлүшүү