Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы айыл башчы жайыт жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча  шектелип, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты