Кара-Суу районунун Шарк айылынын мурдагы башчысы пара берүүгө шектелип кармалды

  • 1 неделя мурун

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган мурдагы башчы М.Б. кармалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын февраль айында М.Б. тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги жөнүндө маалыматтар алынган.

«Мындан улам М.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, трансформацияланбаган жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө токтомду жасалмалоо жолу менен курулуш компанияларынын бирине 10 гектар жер тилкесин бергени аныкталды. Бул факт боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда М.Б.М. тергөөгө чейинки текшерүү боюнча маселени оң жагына чечүү максатында УКМКнын кызматкерине 20 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган», — деп жазылат маалыматта.

Аталган сумманын жарымын, 9800 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда М.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен кармалды.

23-апрелде Ош шаардык сотунун чечими менен М.Б. УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты