Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды

  • 2 года мурун

Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Ууру» аталыштагы рейд учурунда кылмышы аныкталып натыйжасында алдамчылык фактысы менен Кара-Суу районунун тургуну 32 жаштагы Т.Т., жана Ноокат районунун тургуну 36 жаштагы З.Х., аттуу жарандар кармалышкан.

Шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган факты Ош ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 209-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

10-ноябрь күнү Кара-Суу районун тургуну 43 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 5-июнунан 2022-жылдын 3-октябрга чейинки аралыкта ага тааныш болгон 1990-жылы туулган Н.Т., аттуу жаран анын ишеничине кирип, Казакстандан ар кандай товарларды алып келип берерин айтып, 12 миллион сом акчасын алып ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты