Кара-Суу районунда 320 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасы Шарк айыл аймагында жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 127 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги 127 га айыл чарба багытындагы жер райондук “Кадастр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген күбөлөндүрүүчү жана тастыктоочу документтер сот тарабынан жараксыз деп табылган.

Райондук көзөмөл органы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 320 млн сомдук 127 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты