Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы пара алганга шектелип кармалды

  • 3 месяца мурун

Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын дарегине мамлекеттик салык кызматынын Кара-суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан КР аймагына 9 даана автоунааны ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн, 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча ишкер кайрылган.

Аталган факты боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, акча каражатын Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. опузалап талап кылгандыгы аныкталды
27-апрелде УКМК кызматкерлери тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты