Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы: Москвада Кыргызстандын маданий күндөрүнүн ачылышы болду

  • 1 день мурун

Москва шаарына расмий сапар менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы –Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Россиянын Мамлекеттик академиялык чоң театрында уюштурулган Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине катышты. 

Майрамдык кечеде Кыргызстандын жана Россиянын белгилүү чыгармачыл топтору жана аткаруучулары өз өнөрлөрүн тартуулады. Концерттик программага кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган “Манас” эпосунун үзүндүлөрү, этнографиялык-фольклордук “Камбаркан” ансамбли, фольклордук-этнографиялык “Ордо-Сахна” ансамбли, “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамбли сыяктуу бир катар топтор өз программаларын тартуулап, ошондой эле элдик ырлар, күүлөр жана бийлер көрсөтүлдү. Салтанаттуу кече “Кыргызстан-Россия” аттуу жаңы ыр менен жыйынтыкталды. 

Маданий кечеге Министрлер кабинетинин жана Россия өкмөтүнүн толук курамы, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эки мамлекеттин жарандары жана маданият кызматкерлери чакырылган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты